Экс-премьердин уулу Камчы Көлбаевдин кирешесин адалдаган деп изделүүдө

Кыргызстандын экс-премьер-министринин жакын тууганына Камчы Көлбаевдин кылмыштуу кирешелерин легалдаштырууга байланыштуу издөө жарыяланды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 

Маалыматка караганда, аталган жаран криминалдык авторитеттин кылмыштуу аракеттерин жана рэкетчилик, опузалап акча талап кылуу жана ишкердик субъекттеринен акча алуу фактыларын билип туруп, 2018-жылдан бери уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү менен активдүү иш жүргүзүп келген.

«М.У.Д. Камчы Көлбаев менен Ысык-Көл районундагы «Каганат» пансионатынын аймагындагы «Flamingo Bay» ресторанына жана Чолпон-Ата шаарындагы «Ак» түнкү клубуна ээлик кылган, ошондой эле «Ордо» соода комплексинин 3-кабатында элиталык түнкү клуб ачууну пландаган», — деп белгилешти ведомстводон.

М.У.Д. ресторан бизнесинин башкаруучу компаниясына ээ, ал Бишкектеги 11ден ашык элиталык мекемелерди тейлейт:  «Асман», Social Coffee, Urban, Sushi Room, Red cow, Cakes/bubbles, My shisha, Aroma, «Тесто Место». Түшкөн каражаттын бир бөлүгү уюшкан кылмыштуу топторду каржылоого жумшалган.

«Ошол эле учурда М.У.Д. SAYA Brasserie ресторандар тармагынын беш мекемесин башкарган Aiza Hospitality компаниясына ээлик кылат: MURA, Eva Beach Restaurant, Patriki, Daily Huqqa жана Milky Jar, Дубайдын (БАЭ) элиталык Палм-Жумейра аймагында жайгашкан. Ошондой эле Алматыда жайгашкан 5 ресторанга: Soccial Group Almaty: Eva Terrace, Urban, Local, Daily coffee и Mongol bar ээлик кылат», — деп билдирди мамлекеттик комитет.

Аталган башкармалыктан кирешенин реалдуу көлөмүн жашыруу максатында ал мүлкүн башкаларга каттаткан. Чүй облусунда эле 180ден ашуун жер тилкеси, ошондой эле Камчы Көлбаевге тиешелүү «Каганат» эс алуу борборундагы коттедждер аныкталган.

17-январь күнү М.У.Д. Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси «Кылмыштарды жасоо үчүн уюшкан топко катышуу» боюнча кылмыш жасагандыгы үчүн сыртынан айыпталып, ага издөө жарыяланган. Белгилей кетсек, «Майрам Групп» ЖЧКсы жана Social Coffee ишканасынын жетекчиси — өлкөдөн качып кеткен премьер-министр Данияр Үсөновдун уулу Мурат Даниярович Үсөнов.