Экс-премьер Темир Сариев эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду

Экс-премьер Темир Сариев эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

«Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 20-ноябрындагы токтомуна ылайык, шектелүүчү Темир Сариевге карата мурда тандалган камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы эч жакка кетпөө тил катына өзгөртүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Темир Сариев УКМК тарабынан 3-августта кармалган. Сариевдин экономика министри, ошол эле учурда тиешелүү мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп турган убакта, Кумтөр кенин иштетүүдөн келип чыккан экологиялык зыяндын суммасын бир нече миллиард сомго аз көрсөткөнү, анын натыйжасында мамлекетке чоң зыян келтирилгени маалымдалган.