Экс-вице-мэр Азиз Алымкулов №1 тергөө абагына киргизилди

Борбор калаанын экс-вице-мэри Азиз Алымкулов Бишкектин №1 тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу укук коргоо органдары билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту чыгарган. Ошондой эле алдын ала маалыматтар боюнча, Алымкулов менен кошо кармалган УКМКнын райондук башкармалыгынын жетекчиси да тергөө абагына киргизилди.

Белгилей кетсек, 31-мартта Аскер прокуратурасынын кызматкерлери тарабынан Бишкектин экс-вице-мэри Азиз Алымкулов кармалган. Анда Алымкулов жана УКМКнын райондук башкармалыгынын жетекчиси мыйзамсыз баюу жана Бишкек шаарындагы кымбат баалуу жер тилкелерин пайдаланууга берүүдөгү коррупция фактысы боюнча иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында кармалышкан.

Алар өздөрүнүн жооптуу кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, башка адамдар менен кутумга барып, Бишкек мэриясынын кызматкерлерине кысым көрсөтүү менен жер тилкелерин мыйзамсыз түрдө өз адамдарына каттатышкан.

Учурда кылмыш ишин иликтөө уланууда, иштин башка фигуранттары аныкталып жатат.