Экс-вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев камактан бошотулду

Экс-вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев камактан бошотулду. Мындай маалымат Биринчи Май райондук соту тарабынан белгилүү болду.

Соттон маалымдалгандай, Зилалиев жаңы Кылмыш-процессуалдык кодексинин күчүнө киргендигине байланыштуу камактан бошотулду. Анда айыпталуучу соттун акыркы чечимисиз бир жылдан ашык камакта кармалууга болбойт.

Дүйшөнбек Зилалиевге карата «мыйзамсыз байыган» деген айып менен кылмыш иши козголгон.