Экс-вице-премьер Тайырбек Сарпашев 31-июлга чейин камакка алынды

Мурдагы биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашев УКМКнын СИЗОсуна киргизилди. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Биринчи Май райондук сотунан билдиришти. Ал 31-июлга дейре камакта болот.

Тайырбек Сарпашев кечээ, 18-июнда УКМК тарабынан кармалган. Ал «Кумтөр» иши боюнча коррупцияга шектелип жатат.