Экс-вице-премьер Тайырбек Сарпашев эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду

«Кумтөр» ишине байланыштуу коррупцияга шектелип кармалган экс-вице-премьер Тайырбек Сарпашев эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

«29-июндагы токтомго ылайык, Сарпашевге карата мурда тандалган камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы сотко чейинки өндүрүш жана соттук териштирүү аяктаганга чейин анын туруктуу жашаган жеринен кетпөөсү жөнүндө кол коюу түрүндө бөгөт коюу чарасына өзгөртүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Тайырбек Сарпашев 18-июнда УКМК тарабынан кармалган. Ал эми эртеси, 19-июнда Биринчи Май райондук сотунда баш коргоо чарасы каралып, эки айга камакка алынган болчу.