Экспертиза Бишкектеги мүмкүнчүлүгү чектелген кыздын зордукталгандыгын тастыктаган жок

Экспертиза Бишкектеги мүмкүнчүлүгү чектелген кыздын зордукталгандыгын тастыктаган жок. Бул тууралуу Свердлов РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алардын айтымында, 2020-жылдын 23-ноябрь күнү Свердлов РИИБге Г.И. аттуу аял арыз менен кайрылган. Анда 2020-жылдын 17-августунда 2005-жылы туулган кызын үйүнөн белгисиз жарандар зордуктап, из жашырып качып кетишкени жазылган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү рестрине 161-берене «зордуктоо» боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

«Иликтөө иш-чаралынын жүрүшүндө, милиция кызматкерлери шаардык мектептин окуучулары менен сүйлөшүшкөн. Анда 2004-жылы туулган А.Э., Б.Б. жана 2003-жылы туулган И.А. аттуу балдар бул ишке эч кандай тиешеси жоктугун билдиришкен. Ошондой эле, экспертизанын корутундусуна ылайык, кызда кош бойлуулук жана жыныстык кындын бузулуусу табылган эмес.

Мындан сырткары, окуя болгон жерди текшерүү учурунда табылган шейшептердин соттук-биологиялык экспертизасы алардан биологиялык калдыктар табылбагандыгын көрсөттү. Ошондой эле жабырлануучунун психикалык абалын текшерүү үчүн соттук-психологиялык экспертиза дайындалып, бирок, ушул күнгө чейин арыз ээси жана анын кызы белгисиз себептерден улам дайындалган экспертизага келишкен жок», — деп айтылат мааламатта.

Учурда тергөө иштери улантылып жатканын кошумчалашты.

Буга чейин адвокат Шердор Абдыкапаров 15 жаштагы мүмкүнчүлүгү чектелген кыз 3 өспүрүм тарабынан зордукталганын айткан эле. Ал эми кыздын апасы бул иш боюнча арыз жазганын айтып, иш аягына чыга электигин билдирген болчу.