УКМК тарабынан Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгы менен биргеликте жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында тыюу салынган «Йакын-Инкар» ДЭКнун мүчөлөрү тарабынан экстремисттик уюм түзүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.
Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренесинин 2-бөлүмү (экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо) боюнча козголкон кылмыштын негизинде 9-июнда диний-экстремисттик кыймылдын 12 активдүү мүчөлөрү жашаган жеринде издөө иш-чаралары жүргүзүлдү. Жыйынтыгында экстремисттик мүнөздөгү тыюу салынган материалдардын олуттуу көлөмү табылып алынды, ошондой эле 15 жаран ИИБ жеткирилип, алардын Г.Ю. аттуу башчысы убактылуу кармоочу жайга киргизилди.