«Экзамендердин баасын койдуруп берем деп». Жалал-Абадда студенттерден пара алууга шектелген окутуучу кармалды

26-июль күнү жүргүзүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында, Жалал-Абад шаарынын аймагында жайгашкан жогорку окуу жайлардын биринде иштеген Динара (аты өзгөртүлдү) аттуу жаран, студенттен «экзамендерди бүтүрүп беремин» деп көп өлчөмдө акча талап кылып жаткандыгы боюнча маалымат алынган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Аталган маалымат Жалал-Абад ОИИБге “кызматчынын мыйзамсыз сый акы алуусу” болуп катталып, ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан Жазык Кодексинин 238-беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Жогорудагы сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында, 28-июль күнү саат 11:00 чамасында, ЖОЖ окутуучусу Динара факультеттин деканынын кабылдамасында студенттердин сабактарынан экзамендерди бүтүрүп, баа койдуруп беремин деп, 10 миң 500 сом акча алганы аныкталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө ал студенттердин аты-жөнүн жана алардан алган акчалардын суммасын бир барак кагазга жазып, ороп койгон жеринен өз ыктыяры менен алып, тергөө кызматына тапшырган жана атайын тергөө аракетинин жүрүшүндө далил буюм катары алынган.

Сотко чейинки өндүрүш иши боюнча шектүүгө карата Жазык Кодексинин 238-беренеси боюнча айыбы угузулуп, Жалал-Абад ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан өндүрүш иши соттун кароосуна жиберилди.