Эл аралык издөөдө жүргөн жаран Баткенде кармалды

УКМК кызматкерлери тарабынан эл аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

26-июлда УКМК тарабынан Интерпол эл аралык кылмыш полициясынын Башкы катчылыгынын каттоосу боюнча өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлердин реестринде эл аралык издөөдө жүргөн Өзбекстан Республикасынын 1992-жылы туулган жараны кармалды.

Интерполдун Улуттук Борбордук бюросунун маалыматына ылайык, шектүү шериктери менен биргеликте жасалма бажы жүк декларацияларын тариздеген, анын натыйжасында Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик бюджетине 12 миллиарддан ашуун өзбек сумунда зыян келтирилген.

Баткен райондук сотунун чечими менен Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн Өзбекстан Республикасынын жараны тергөө абагына камалды. Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.