Эл аралык издөөдө жүргөн кыргызстандык 5 жыл изин жашырып жүрүп, Орусияда кармалды

Алдамчылык үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Ички иштер министрлигинин Орусия Федерациясындагы өкүлчүлүгү менен Орусиянын ИИМинин аймактык бөлүмдөрүнүн биргелешип жүргүзгөн иштеринин натыйжасында, ири алдамчылык аракеттери үчүн өз мекенинде издөөдө жүргөн жарандын жүргөн жери аныкталып, кармалган. Издөөдө жүргөн жаран алдоо жолу менен жабырлануучулардын ишенимине кирип, аларга олуттуу чыгым келтиргени аныкталган.

«Ушул жылдын 29-октябрында ИИМдин  Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн жардамы менен Орусиянын ИИМинин Москва шаары боюнча Башкы башкармалыгынын кызматкерлери издөөдө жүргөн Жалал-Абад облусунун 1982-жылы туулган тургунун аныктап, кармашты. Алынган маалыматтар боюнча, кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтордун биринин активдүү мүчөсү катары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ыкчам каттоосунда турат. Ал 2010-жылдан 2013-жылга чейин 14 алдамчылык фактысын жасоого шектелип, 2016-жылдан бери мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн. Жабыр тарткан ишкерлерге келтирилген материалдык чыгым 33 миң 500 доллардан ашат»,- деп айтылат маалыматта.

Алдын ала маалыматтарга караганда, аталган жаран узак убакыт бою жасалма документтерди жасап, өзүн соода жайынын ээси катары көрсөтүп, жарандарды алдап, башка бирөөнүн мүлкүн чоочун адамдарга мыйзамсыз сатып жүргөн. Жаран 2015-жылдан бери Ош облусунун ички иштер башкармалыгы тарабынан издөөдө жүргөн. 2016-жылдын сентябрь айында мамлекеттер аралык издөөгө алынган. Маалым болгондой, издөөдө жүргөн жаран Москва шаарында жүргөндө жакын тууганынын паспортун колдонуп, 5 жыл изин жашырууга үлгүргөн. Учурда издөө алган тарапка маалымат берилип, жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Өз өлкөсүнө экстрадициялоо маселеси 1993-жылы кабыл алынган Минск конвенциясына ылайык чечилүүдө.