Эл аралык медициналык университеттин окутуучусу пара менен кармалды

Эл аралык медициналык университеттин окутуучусу пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Тергөөнүн маалыматы боюнча, милицияга 2023-жылдын ноябрь айынан бери акча талап кылып, окуусуна кысым көрсөтүп жаткан мугалимге чара көрүү тууралуу арыз түшкөн. ИИМдин кызматкерлери тарабынан университеттин имаратында пара алып жаткан жеринен опузала тала кылган окутуучу 81 мин сом өлчөмдө пара алып жаткан жеринен кармалган. Пара алган эл аралык медициналык университеттин мугалими 1989-жылы туулган И.А. аттуу жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.