Бишкекте WhatsApp мессенжерлери аркылуу элди алдап, шылуундарга жардам берүүгө шектелген 19-22 жаштагы жарандар кармалды. Шектүүлөр 2 айга УКМКнын абагына киргизилди. Учурда тергөө иштери улантылууда.
Маалыматка ылайык, алар уюлдук операторлорунун сим-карталарын колдонуу менен мобилдик мессенжерлердин аккаунттарын массалык түрдө активдештиришкен. Андан кийин бул аккаунттар эл аралык «скамер» шылуундарына сатылган. Алар кыргызстандыктардын акча каражаттарын ээлеп алуу максатында «фишинг» манипуляциясын ишке ашырышкан. Натыйжада миңге жакын мобилдик мессенжер аккаунту активдештирилип, эл аралык алдамчыларга өтүп кеткен.
«Эл аралык алдамчылар Кыргызстандын чегинен тышкары, анын ичинде КМШ өлкөлөрүнүн биринде жүргөндө алган аккаунттарын пайдаланып, жарандар менен мобилдик мессенжер аркылуу байланышкан. Жарандарга психологиялык таасир көрсөтүү максатында өздөрүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери, ошондой эле Улуттук банктын, министрликтердин, мекемелердин жана башка мамлекеттик уюмдардын жетекчилери жана кызматкерлери катары көрсөтүшкөн. Алар ар кандай шылтоолор менен жарандарга, алардын эмгек ишмердүүлүгү, мүлкү жана электрондук капчыктары боюнча текшерүү жүрүп жатканын айтышкан. Натыйжада жарандар алданып өздөрүнүн акча каражаттарын, анын ичинде мүлктөрүн алдамчылардын пайдасына өткөрүп беришкен», — деп билдирет УКМК.