«Элдик» саясий партиясынын лидеринин унаасына атылган ок. Кылмыш иши козголду

Буга чейин Кара-Балта шаарында белгисиз адамдар бир партиянын лидеринин машинесине ок атышканы маалым болгон. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин берген маалыматына ылайык, 20-апрелде, болжол менен эртең мененки саат 07:52де Жыйыл РИИБге жергиликтүү жашоочунун үйүнүн короосунда токтоп турган унаасына белгисиз адамдар келип, ок атышкан деген билдирүү келип түшкөн.

Милицияга арыз менен 1976-жылы туулган жаран кайрылган. Анын айтымында, өткөн түнү болжол менен саат 03:30 чамасында анын Тойота Камри үлгүдөгү унаасына белгисиз адамдар эки ирет ок атышкан. Бул факты Жазык кодексинин бейбаштык беренеси боюнча катталган.

Белгилей кетсек, Назми Бадалов — «Элдик» саясий партиясынын лидери, Кара-Балта шаардык кеңешинин учурдагы депутаты.