«Элит Хаус» курулуш компаниясынын ээси Тимур Файзиев камакта калтырылды

Бишкектин Октябрь райондук соту “Элит Хаус” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиевди камакта калтырды.

Райондук соттон билдиришкендей, анын УКМКнын тергөө абагында камактагы мөөнөтү 4-апрелге чейин узартылды.

Ал Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту (кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо)) боюнча шектелүүдө.