«Элит Хаус» курулуш компаниясынын ээси Тимур Файзиев кылмыштуу кирешелерди легалдаштырган деп (адалдоого) айыпталууда. Бул тууралуу журналисттерге Бишкек шаардык сотунан билдиришти.
Ал Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту, башкача айтканда, кылмыштуу топтун курамында кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) менен айыпталууда.
Кечээ, 11-октябрда Октябрь райондук сотунун тергөө судьясы ишкерди 9-декабрга чейин камакка алды.