«Elite House» курулуш компаниясынын директору Тимур Файзиев Кыргызстанга кайтып келди

«Elite House» курулуш компаниясынын башкы директору Тимур Файзиев Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу айрым маалымат булактары жазып чыгууда. Анын учурда Ысык-Көлдө экендиги, бир күн мурун «Royal Beach» пансионатында жүргөнү маалымдалууда. Тимур Файзиевдин Кыргызстанга качан кайтып келгени белгисиз. «Кактус» сайты жазганына караганда, курулуш компаниясынын башкы директорунун кылмыш иши кыскартылган.

27-майда «Elite House» курулуш компаниясынын башкы директору Тимур Файзиев борбор калаада жер тилкелерин алууда, ошондой эле мыйзамсыз курулуштарда коррупцияга катыштыгы бар деп шектелип, сыртынан камакка алынып, ага издөө жарыяланган.