«Elite House» курулуш компаниясынын директору Тимур Файзиевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлдү

«Elite House» курулуш компаниясынын башкы директору Тимур Файзиев эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, аскер прокурорунун улук жардамчысы анын бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен кайрылган. Соттун 6-июлдагы чечими менен арыз канааттандырылган.

27-майда «Elite House» курулуш компаниясынын башкы директору Тимур Файзиев борбор калаада жер тилкелерин алууда, ошондой эле мыйзамсыз курулуштарда коррупцияга катыштыгы бар деп шектелип, сыртынан камакка алынып, ага издөө жарыяланган. Ал эми кечээ, 6-июлда айрым ЖМКлар анын Кыргызстанга кайтып келгенин жазып чыгышкан.