«Elite House» курулуш компаниясынын башчысы Тимур Файзиев кармалды

Бишкекте «Elite House» курулуш компаниясынын башчысы Тимур Файзиев кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Тимур Файзиев коррупцияга катыштыгы бар деп шектелип жатат. 

«Курулуш компаниясынын жетекчиси мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган, аны ведомстволор аралык тергөө тобу иликтөөдө. Бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту ага карата баш коргоо чарасын тандайт”, — деп айтылат маалыматта.