«Элиза үй буюмдарынын» эки өкүлү алдамчылыкка шектелип кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелгендер кармалышты. Бул тууралуу Свердлов РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга борбор калаанын тургуну арыз менен кайрылган. Анын айтымында, ал «Элиза уй буюмдары» каржы пирамидасынын курмандыгы болуп калган. Анын негиздөөчүсү Элмира [аты өзгөртүлдү] тургунуна кирешесин көбөйтүүгө убада берген. Бишкек шаарынын тургуну акчаны көрсөтүлгөн абоненттик номурларга которгон, бирок ал убада кылган акчаны алган эмес.

Аталган факт РИИБге Жазык кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Милиция кылмышка шектүүлөрдү колго түшүргөн. Алардын 1997 жана 1994-жылкы жарандар экендиги аныкталган.

Кармалгандардын башка кылмыштарга тиешеси бар экендигин ИИМ аныктайт. Ушуга байланыштуу, укук коргоо органдары шектүүлөрдүн аракетинен жапа чеккен же кандайдыр бир маалыматка ээ болгон ар бир адамдан төмөнкү телефондор боюнча кабарлап коюуну өтүнөт: 0 (553) 08-75-57, 0 (701) 00-61-06, 0 (706) 51-51-54, же Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө: 0 (312) 43-32-75.