«Эмарк Групп» курулуш компаниясынын директору Чолпонбек Акматовдун камактагы мөөнөтү узарды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.
Маалыматка караганда, ал 4-январга чейин камакта болот.
Буга чейин Бишкек шаардык соту ага карата «кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо)» беренеси боюнча айып тагылганын билдирген.
Буга чейин SuperTV телеканалы «Элит хаус», «Авангард стиль», «Эмарк Групп» курулуш компанияларынын жетекчилери УКМК тарабынан кармалганы боюнча депутаттарга суроо салган болчу.