Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги пандемия учурунда 15 миң сомдук майыптар коляскаларын 57 миң сомдон сатып алган

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги пандемия учурунда 15 миң сомдук майыптар коляскаларын 57 миң сомдон сатып алышкан. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан пандемия учурунда 522 даана майыптар коляскасын 57 миң сомдон сатып алган. Анын жалпы суммасы 28 млн 754 миң сомду түзгөн, ал эми майыптар коляскасынын базардагы баасы 15 миң сом болгон.

Жогорудагы факт боюнча мамлекеттик сатып алуулар секторунун башчысы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 322-беренеси (билип туруп пайдасыз контракт түзүү) боюнча кармалып УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.