Эми Сузакта… Өспүрүмдү зордуктоого шектелип өгөй атасы кармалды

Сузак районунда 15 жаштагы кызды бир канча жылдан бери зордуктоого шектелип 36 жаштагы өгөй атасы кармалды. Ал соттун чечими менен эки айга тергөө абагына да киргизилген.

Арыз менен жабырлануучу кыз өзү 8-декабрда кайрылган. Ал 4 жыл мурда биринчи жолу өгөй атасы тарабынан зордукталганын айтып, ошондон бери бир канча жолу “кол салганын” билдирген. Кыз кош бойлуу болуп калганын билип, өгөй атасы акыркы жолу 5-декабрда зордуктаганын айткан. Өспүрүм кыздын апасы анын жолдошу күнөөлүү эместигин, күнөөлүү адам башка  экенин айтып жатат. “Эми жалгыз кантип 5 баламды багам, колумда болгону 140 сомум калды. Мага адилеттүүлүк керек. Жолдошум кызыма тийген эмес” деген өспүрүм кыздын апасы Сузак РИИБинин имаратынын алдында өзүнө өрт коюуга аракет кылган. Бирок аны милиция кызматкерлери токтотуп калышкан.