«Эмне кыларын билбей калган». Бишкектин четине өлүү төрөлгөн ымыркайын таштап кеткен

Кечээ, 1-февараль күнү саат 17:37 чамасында милицияга Аламүдүн айылынын Алма-Ата жана Айланма жолунун кесилишинде жаңы төрөлгөн ымыркайдын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Аталган маалымат Аламүдүн РИИБге катталып, сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлө башталган.

Алдын ала териштирүү учурунда, 20 жаштагы жаран аныкталып, ал Бишкек шаарындагы үйлөрдүн биринде 7 айлык эркек баланы жансыз абалда төрөгөнүн, эмне кыларын билбей, курбуларынын кеңеши менен баланын жансыз денесин күрөң кутучага салып, Эне-Сай жаңы конушунун аймагындагы талаага таштаганын билдирген.

Азыркы учурда тийиштүү соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, сотко чейинки териштирүү иштери уланууда.