«Эң кичүүсү 24, улуусу 39 жашта». Чүйдө сойкулук менен алектенип жүргөн делген кыздар кармалды (видео)

Чүй облусунда бир нече сойкуканалар аныкталды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. 

8-февралда тергөө иштеринин жүрүшүндө Токмок шаарында сойкуканага айланган бир нече сауна аныкталган. Тинтүү иштеринин жүрүшүндө сауналардын биринен ПМ-49 үлгүсүндөгү тапанча, электрошокер табылган. Ошондой эле эң кичүүсү 24, эң улуусу 39 жаштагы 13 кыз кармалган. Мындан тышкары, сойкукана уюштурган делген эки аял кармалган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.