Энергетика министри Доскул Бекмурзаевге карата 2 кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура энергетика министри Доскул Бекмурзаевге карата кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча 2 кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

«2021-2022-жылдары энергетика министри Доскул Бекмурзаев кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кызматтын кызыкчылыгына каршы тийиштүү тармакта адис эмес кызматкерлерди мамлекеттик бюджеттин эсебинен Бириккен Араб Эмираттарына, Түркияга, Өзбекстанга жана Орусияга болгон чет өлкөлүк кызматтык иш сапарларына негизсиз жөнөтүп, натыйжада мамлекетке олуттуу материалдык зыян келтирилген. Мындан тышкары, министр кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, “Теплые ключи” ден соолукту чыңдоо комплексинин объекттерин капиталдык оңдоодо ЖЧКга жалпысынан 15 миллион сомдон ашык зыян келтирилген. Натыйжада, Бекмурзаевдин кылмыштуу аракеттеринен улам мамлекеттин жана жеке жактардын кызыкчылыктары одоно түрдө бузулуп, аларга ири өлчөмдө зыян келтирилген», — деп айтылат маалыматта.