13-февралда 20 миң АКШ долларын алып жаткан учурда энергетика министринин мурдагы биринчи орун басары Т.Э. кармалган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Кармалган Т.Э. майнинг фермасын ачууга көмөк көрсөткөнү үчүн чет элдик инвестициялык компаниядан 220 миң АКШ долларын талап кылып, учурдагы энергетика министринин колу коюлган документтерди жасалмалаганы аныкталган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген, тергөө иштери уланууда.
Учурда Энергетика министрлигинин мурдагы жетекчилеринин жана кызматкерлеринин арасында энергетика тармагындагы мыйзамсыз иштерге тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери уланууда.