Энергетика министринин орун басары жана “Кыргыз көмүр” ишканасынын коммерциялык директору кармалды

УКМК тарабынан Энергетика министрлигинин, анын карамагындагы “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын, “Ысык-Көл кемечилиги” жана Балыкчы шаарындагы жүктөө-түшүрүүчү пункту филиалдарынын кызмат адамдарына карата, Бишкек шаарындагы ЖЭБге багытталган көп миллиондук көмүрлөрдү уурдоо фактысы боюнча козголгон кылмыш иши тергелүүдө. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.

Кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында, тергөө тарабынан 2021-2023-жылдар аралыгында “Кара-Кече” кенинен Балыкчы шаарына чейин көмүрдү оор жүк ташуучу унаалар менен, андан кийин Балыкчыдан Бишкектин ЖЭБине темир жол аркылуу ташуу учурунда жогоруда аталган министрликтин жана ага караштуу мекемелердин жогорку кызматтагы кызматкерлеринен турган “көмүр мафиясынын” мүчөлөрү тарабынан 15 миң 961 тонна, кеминде 40 миллион сомдон ашык көмүр уурдалганы аныкталды.

Натыйжада борбор калаадагы ЖЭБдин иши үзгүлтүккө учуратылып, мамлекеттик бюджетке ири өлчөмдө зыян келтирилген, жогорудагы коррупциялык кылмыштарга катышкандыгы үчүн кечээ, 18-июнда УКМК тарабынан Энергетика министринин орун басары М.Ж., ошондой эле “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын коммерциялык директору А.С. кармалды.