Эрбол Султанбаев: «Кармалган Улан Жапаров чындап эле мамлекет башчысынын тууганы»

Кармалган Улан Жапаров чындап эле мамлекет башчысынын тууганы. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

«Ал бажыдагы маселелерге байланыштуу коррупциялык схемаларга катышкан деп шектелүүдө. Муну билген соң президент Садыр Жапаров кылмышка шектүүлөргө бардык мыйзамдуу чараларды көрүүнү жеке өзү талап кылган. Бул окуя коррупцияга каршы күрөштө тандалма мамиле жок экенин дагы бир жолу көрсөтүп турат. Ар бир жаран анын үй-бүлөсүнө же башка байланышына карабастан, кылмыш же укук бузуу жасаган учурда мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат. Эгерде иш коррупцияга байланыштуу болсо, анда келтирилген зыяндын ордун милдеттүү түрдө толтурат», — деди ал.