Эреже бузганы үчүн токтотулган унаанын номери жасалма болуп чыкты

Бишкекте унаасын жасалма номер менен айдап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынан билдиришти.

Кайгуул кызматынын кызматкерлери 7-мартта болжол менен 21:00 чамасында Токомбаев жана Куттубаев көчөлөрүнүн кесилишинен жол эрежесин бузганы үчүн Lexus GX 460 унаасынын айдоочусун токтотушкан.

Текшерүү учурунда 1971-жылы төрөлгөн айдоочу унааны жасалма номер менен айдап жүргөнү маалым болгон. Унаа айып короого токтотулду, айдоочу Октябрь РИИБине жеткирилди.