31-август күнү Алай районунун ички иштер бөлүмүнө Нура айылында жайгашкан «Эркечтам» постунда ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери менен чет өлкөлүк жарандардын ортосунда пикир келишпестиктен улам чыр чыгып, күзөт кызматынын кызматкери асманга үч жолу ок чыгаргандыгы тууралуу кабар түшкөн.
Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 374-беренесинин (Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук) негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, 6 чет өлкөлүк жаран күбө катары суралып, ал эми 3 чет өлкөлүк жаран кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда окуя боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары уланууда.