Кечээ, 31-август күнү Алай районунун ички иштер бөлүмүнө Нура айылында жайгашкан «Эркечтам» унаа токтотуучу жайында Күзөт кызматынын кызматкерлери менен Кытайдын жарандарынын ортосунда пикир келишпестиктен улам чыр чыгып, күзөт кызматынын кызматкери асманга үч жолу ок чыгаргандыгы тууралуу кабар келип түшкөн. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.
Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Анда Алай районунун Нура айылында жайгашкан унаа токтотуучу жайында ИИМдин түштүк-чыгыш күзөт кызматынын кызматкерлери токтоп турган Кытайдын оор жүк ташуучу унааларынын айдоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү учурунда пикир келишпестик жаралып, уруша кетишкендиги, натыйжада Күзөт бөлүмүнүн кызматкери өзүнүн табелдик ок атуучу куралынан асманга эскертүү иретинде 3 жолу ок чыгаргандыгы маалым болгон.
Текшерүүнүн жүрүшүндө окуяга катыштыгы бар делген Кытайдын 9 жараны жана Күзөт бөлүмүнүн 2 кызматкери РИИБге жеткирилип, суракка алынган. Алардын денелеринде жараатын жана спирт ичимдигин ичкендигин аныктоо учурунда Кытайдын 6 жараны мас абалда экени аныкталган. Учурда окуя боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, текшерүү уланууда.