Күйөөсү аялын сабап жатканда тартылган видео боюнча милиция үн катты

Кечээ, 8-ноябрда соцтармактарда видео тараган. Анда эркек кишинин аял кишини сабап жаткандыгын көрүүгө болот. Маалыматтарга караганда, видео «Dordoi Plaza» соода борборунун аймагында тартылган. 

Свердлов РИИБдин басма сөз кызматы окуя боюнча үн катып, факты РИИБге катталып, Жазык кодексинин 266-беренесине ылайык кылмыш иши козголгонун билдирди.

Маалыматка караганда, алар жубайлар жана учурда тиешелүү иштер жүрүп жатат. Милиция толук маалымат кийинчерээк берилерин убадалашты.