Эртең Атамбаевдин катышуусунда соттук отурум болот. Мурдагы президент ага күчкө салып алып келиниши ыктымал

Эртең, 4-апрелде Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда соттук отурум болот. Мурдагы президент ага күчкө салып алып келиниши ыктымал. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Буга чейин 1-апрелде судья экс-президентке карата күчкө салып алып келүү чечимин чыгарган.

23-мартта мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Биринчи Май райондук сотунун имаратына Кой-Таш окуясы боюнча соттук процесске жеткирилген. Анын жактоочулары Атамбаев күчкө салынып алып келингенин билдиришкен. Бирок мурдагы президент аны жеткирип барган унаадан түшүүдөн баш тартып, кийин ага Тез жардам чакыртылып, андан ары кайра колонияга жеткирилген. Уулу Кадырбек Атамбаев «Атам карда жылаңайлак турууга аргасыз болгон. Ага катуу суук тийген» деп соцтармактагы баракчасына жарыялаган. Кийин улуу баласы Сеид Атамбаев атасынын өмүрүнө коркунуч бар экенин Жогорку Кеңештин жыйынынан билдирген.