Эс алуучу жайда сабалган кыз, өлтүрүлгөн киши. Бишкекте 7 адам кармалды

Кайгуул кызматкерлери адам өлтүрүүгө шектүү катары 7 жаранды аныктады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Кечээ, 17-октябрда саат 02:15 чамасында “102” кызматына Чыгыш-5 районунда жайгашкан эс алуучу жайлардын биринде жаран киши колдуу болуп өлтүрүлдү деген маалымат түшкөн. Айтылган дарекке барган Кайгуул кызматкерлери маалыматты тактаганда, болжолдуу жашы 30-35 курактагы жаран жерде киши колдуу болуп өлгөндүгү аныкталган.

Кылмышка шектүү катары 1990, 1995, 2002, 1974, 1998-жылы туулган кыз кишилерди жана 1992, 2000-жылы туулган жигиттерди кармап, Свердлов РИИБдин Тергөө кызматына жеткиришкен. Шектүүлөрдүн айтымында, адам өлтүрүү мушташуудан улам келип чыккан. Тагыраагы маркум чогуу отурган бир кызды сабап салгандыктан, ал башка жарандардын катышуусу менен топтошуп, ошол жаранды өлтүрүшкөндүгүн айтышкан.