Бишкекте жаранды ур-токмокко алууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 27-сентябрда саат 04:35 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Бишкектеги Байтик Баатыр менен Медеров көчөсүндө эс-учун жоготуп жаткан жаран тууралуу маалымат түшкөн. Жерине барган милиция кызматкерлери кароо жүргүзгөн учурда анын денесинде жаракаттар көп болгон. Жабырлануучу 4 ооруканага жеткирилген.
Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 2001-жылы туулган жигит кармалып, камакка алынган.