Эсеп палатасынын башкы инспектору 5000 доллар пара алып жаткан жеринен кармалды

УКМК мамлекеттик органдардагы коррупциялык багыттагы кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин жүрүшүндө, 1-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында 5000 доллар өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы боюнча Эсептөө палатасынын Т.А.А. аттуу инспектору көрсөтүлгөн сумманы алуу учурунда кармалды.

Тактап айтканда, 2024-жылдын 6-декабрынан азыркы учурга чейинки мезгилде Эсеп палатасынын инспекторлору тарабынан Ош шаарынын мэриясынын бөлүмдөрүнүн финансы-чарбалык ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүзүлдү. Мындан улам, Эсеп палатасынын инспекторлор тобунун жетекчиси Т.А.А. Ош шаардык мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн биринде текшерүүнүн мөөнөтүн негизсиз создуктуруп, укукка каршы иш-аракеттер аркылуу, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча оң чечим чыгаруу максатында 5000 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын опузалап талап кылган. Кармалган жаран  УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.