Эсептөө палатасынын кызматкери 100 миң сом алып жаткан жеринен кармалды (видео)

Эсептөө палатасынын аймактык бөлүмүнүн кызматкери 100 миң сом алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Эсертөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн кызматкери тарабынан Нарын облусунун Жумгал районундагы Таш-Мойнок айыл аймагынын мурдагы башчысынан финансылык-чарбалык ишин текшерүү маселесинде оң чечим чыгарып берүү үчүн 160 миң сом өлчөмүндө акча талап кылуу фактысы аныкталган. 19-майда УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара алуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 100 миң сом пара алып жаткан жеринен көрсөтүлгөн жаран кармалган.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Кармалган адам Бишкек шаардык 1-тергөө камак жайына киргизилди.