«Эшикте уктайсың!». Ошто атасы урушуп, ашата сөккөн баланын денесинде эч кандай жаракат аныкталган эмес

Кечээ, 12-сентябрь кунү белгисиз атуул тарабынан жашы жете элек балага карата зомбулук аракеттерди көрсөтүлүп жаткан видео WhatsApp группаларга тарап жаткандыгы боюнча маалымат келип түшкөн. Бул факты ушул эле күнү Алай райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Окуя ИИМдин жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынды. Текшерүүнүн жүрүшүндө видеого тартып аткан белгисиз атуул Алай районунун 1985-жылы туулган И.Т. экендиги аныкталып, тергөө кызматына жеткирилди.
Алгачкы маалыматтарга ылайык, И.Т. мындай аракеттерге баруусунун себеби, жубайы менен пикир келишпестиктер пайда болгондуктан, аны коркутуу максатында өзүнүн баласын урушуп, видеого тартып, Орусияда эмгектенип жүргөн аялына жөнөткөндүгү маалымат болгон. Милиция кызматкерлери видеотасмадагы баланы кароого алып, дарыгерлерге көрсөтүшүп, денесинде эч кандай жаракат аныкталган эмес. Учурда экспертизалар дайындалып, окуяга катыштыгы бар жарандар суралып, текшерүү уланууда. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзамдуу чечим кабыл алынат.