«Эшикте уктайсың!». Ошто баласын урушуп, ашата сөккөн ата видеону аялына жөнөткөн

Кечээ, 12-сентябрда социалдык тармактарда баласына орой мамиле жасаган кишинин видеосу тараган. Анда эркек кишинин балага «Чык эшикке, көзүмө көрүнбөй жогол!», «Кандай эле сенин уйкуң келет, апаңа кошуп сабаш керек. Апаңа өчөшүп күндө урам», «Эшикке чыгып уктайсың, чык эшикке» деп жатканын угууга болот.

Окуя боюнча Ош ОИИБден маалымат беришти. «Бул факты ушул эле күнү Алай райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө видеого тартып жаткан Алай районунун 1985-жылы туулган тургуну экени аныкталып, тергөө жеткирилген. Алгачкы маалыматтар боюнча ал мындай аракеттерге баруусуна жубайы менен пикир келишпестиктер себеп болгонун айткан. Аны коркутуп коюу максатында өзүнүн баласын урушуп, видеого тартып, Орусияда эмгектенип жүргөн аялына жөнөткөндүгү маалым болгон. Учурда окуяга катыштыгы бар жарандар суралып, текшерүү уланууда. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзамдуу чечим кабыл алынат», — дешти.