Эсин жоготкуча… Бишкекте Тез жардамдын дарыгери сабалды

30-июнда Бишкек шаарында Тез жардам кызматына «баланын ичи ооруп жатат» деп чалышып, педиатриялык бригада айтылган дарекке барган. Дарыгерлер бейтапты көргөн соң ооруканага жаткыруунун зарылдыгы жок экенин айткан учурда баланын энеси буга макул болбой, ооруканага алып барууну талап кылып, дарыгерди муштагылап, ага кол салган. Бул тууралуу маалыматты Тез жардам борборунун башчысы Егор Борисов журналисттерге билдирген.

Ленин райондук милициясы түшкөн арыздын негизинде жогорудагы окуя боюнча тергөөгө чейинки иликтөө иштерин баштап, экспертизаларды дайындады.

Ал эми кол салууга дуушар болгон педиатрдын өзүнө экинчи Тез жардам кызматынын бригадасы келген. Дарыгер соккудан улам эсин жоготкон. Кийин ал Улуттук госпиталга мээси чайкалып, гематома менен жаткырылган. Дарыгер кош бойлуу жана боюнан түшүп калуу коркунучу жаралган.