Бүгүн, 7-июнь күнү Боом капчыгайында атайлап таш түшүрүү иш-чарасы жүргүзүлөт. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
«Боом капчыгайынын Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 132-чакырымында саат 10:00дөн 15:00гө чейин атайлап таш түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлөт. Андыктан Ысык-Көл, Нарын облусуна баруучу айдоочулардан жолго чыкпай туруусун суранабыз», — деп жазылат маалыматта.