Чүйдөгү айылдардын биринде жанаша жайгашкан 4 дача өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Бүгүн, 21-июнда Чүй облусунун Аламүдүн районуна карштуу Беш-Күнгөй айылынын Труд көчөсүндө жайгашкан дачалардан өрт чыккан. Тилсиз жоо менен күрөшүүгө саат 14:27де 1 бөлүм, буга кошумча саат 15:41де 1 бөлүм тартылган.