«Эски толчок» базарындагы 4 дүкөн, 2 цех өрттөндү (видео)

14-август түнү саат 00:30 чамасында «Эски толчок» базарында өрт чыккан.

ӨКМден билдиришкендей, базардын аймагында курулуш материалдарды саткан 3 дүкөн, пластик терезе чыгарган 2 цех, 1 кийим саткан дүкөн күйгөн. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 800 чарчы метрди түздү.

Тартылган күч-каражаттардын жардамында өрт саат өрт саат 01:32де чектөөгө алынган. Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүп, өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.