Этникалык кыргыз болуп жарандык алган кытайлык кармалды

Документтерди жасалмалоо менен этникалык кыргыз катары Кыргыз жарандыгын алган шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы Кытай жараны документтерди жасалмалоо менен Кыргыз Республикасынын жарандыгын алгандыгы боюнча ыкчам маалымат алган. Андан тышкары жогорудагы жаран Кытайда издөөгө алынганы маалым болгон. Жаран Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун Алтай округунун укук коргоо органдары тарабынан мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүнү уюштургандыгы үчүн издөөгө алынган. Бул фактыны текшерүү учурунда жаран 1967-жылы туулган Я.Чж. Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн кезинде документтерди жасалмалоо жолу менен өткөн жылы этникалык кыргыз катары жөнөкөйлөтүлгөн тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган.

11-мартта Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 3-бөлүмү (документтерди жасалмалоо) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери шектүүнү “Ак-Жол” өткөрүү пунктунан Кыргызстандын аймагынан кетүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармашкан. Кылмыш ишине тиешеси болушу мүмкүн болгон буюмдарды жана документтерди аныктоо, табуу жана алуу максатында Чүй облусунун Аламүдүн районунда-кармалган жарандын жашаган жери боюнча ыкчам тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Шектүүгө тиешелүү ар кандай документтер табылган. 13-мартта кармалган жаранга карата Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту эки айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасын тандады. Учурда аны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.