Эттин кымбатташы: Айыл чарба министринин орун басары жана ветеринардык кызматтын директору кармалды

Айыл чарба министринин орун басары жана ветеринардык кызматтын директору айыл чарба малдарын экспорттоого квота бөлүштүрүүдө коррупциялык схеманы уюштурганы үчүн кармалышты. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМКнын Жалал-Абад облустук Башкы башкармалыгы тарабынан мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде коррупциялык схема аныкталды.

«Айыл чарба министрлиги тарабынан 2025-жылдын июль айында азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана ички рынокту турукташтыруу максатында малды экспорттоого квота киргизилгендиги аныкталган. Ошол эле учурда Айыл чарба министринин орун басары, Ветеринардык кызматтын директору, министирликтин бөлүм башчысы  жана Ветеринардык кызматтын бөлүм башчысы кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланып, мыйзамсыз баюу максатында, иш жүзүндө мал чарбачылыгы менен алектенбеген өздөрүнө тиешелүү болгон адамдарга мыйзамсыз квота берүү боюнча коррупциялык схеманы уюштурушкан.

Мында, ал адамдардын айыл чарба малдары бар экендиги жөнүндө актылар Айыл чарба министрлигинин кызмат адамдарынын көрсөтмөсү боюнча райондук ветеринардык башкармалыктардын кызматкерлери тарабынан бурмаланган. Натыйжада ортомчу ишкерлер мыйзамсыз алынган квоталарды дыйкандарга жана малды экспорттоо менен алектенген жеке жактарга бодо малдын 1 бирдигине 300 доллардан, ал эми майда малдын 1 бирдигине 5 миң сомдон сатышкан.

Бул коррупциялык схеманы уюштуруунун натыйжасында 40 миңден ашык бодо мал Жалал-Абад облусунун аймагы аркылуу коңшулаш Өзбекстан Республикасына мыйзамсыз чыгарылып, эттин кымбатташына себеп болгон.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган айыл чарба министрлигинин кызматкерлери, ошондой эле ортомчу ишкерлер кармалып, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча Башкы башкармалыгынын тергөө абагына киргизилди. Тергөө иштери уланууда»,- деп айтылат маалыматта.