Эвакуация учурунан үрөй учурган кадр. Марат Иманкулов 12 жүргүнчүсү каза болгон Портер боюнча маалымат берди

Буга чейин социалдык тармактарга «Баткенде эвакуация учурунда үрөй учурган окуя болду» деген аталышта видео тараган. Анда «чачырап» кеткен Портерди жана айланада жерде жаткан адамдарды көрүүгө болот. Аталган окуя боюнча ЖКККББнын басма сөз кызматы СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине маалымат беришип, окуя боюнча тактоо жүргүзүлүп жатканын айтышкан. Бирок ошол боюнча маалыматты такташкан эмес.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов окуя тууралуу «Азаттыктын» берүүсүндө билдирди. «Эвакуация башталганда, 16-сентябрь күнү эртең менен Бужум айылынын жанында тургун Портерге туугандарын, кошуналарын салып алып, коопсуз жайга кетип бара жатканда биздин БМП менен кагышып кетип, ошол жерде 12 жаран каза болуп калды. Мен учурдан пайдаланып, каза болгондордун жакындарына көңүл айтам. Чоң жоготуу болду. Кайраттуулукка чакырам. Жакынкы арада курман болгондордун баарынын аты-жөнүн чыгарабыз», — деди ал.