«Европага виза ачтырып, жумушка орноштурам» деп, 150 адамды алдаган шектүү кармалды

«Европага виза ачтырып, ал жакка жумушка орноштуруп берем» деп алдап кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Милиция кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарында качып жүргөн жеринен Ош облусунун Кызыл-Кыштак айыл аймагынын тургуну 1995-жылы туулган жаран кармалды. Тергөөнүн алгачкы маалыматына караганда, ал Ош шаарынын аймагына офис ачып, жарандарга Европага виза ачып берүүнү жана ал жактан жумуш менен камсыз кылып берүүнү убадалап, акча алып турган. Шектүү жабырлануучуларды «Биздин Европадагы жумуш берүүчүлөр менен келишимдерибиз бар, сиздер ал жакка барып, орношуп, жумушка киргенге чейин биздин фирма көзөмөлдөйт» деп ишендирген.

Бүгүнкү күндө бул жарандан жабыркагандардын саны 150 адамдан ашкан. Жабырлануучулардын көпчүлүгү 1800 евро виза үчүн беришкен. Аз бергендери 900 евро болгон. Шектүү негизинен Польша жана Германияга жөнөтүүнү убадалаган.

Шектүү 11-август күнү Бишкек шаарынан кармалып, Ош шаарына жеткирилген. Ош шаардык соту шектүүнү тергөө иштери аяктаганга чейин абакта кармоо боюнча чечим чыгарды.