Фарид Ниязов дагы 2 ай камакта калтырылды

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Фарид Ниязовду СИЗО-1 абагында дагы 2 айга камакта калтырды. Бул тууралуу жактоочу Жаманкул Жунусов билдирди.

Анын айтымында, 4 айдан бери Фарид Ниязовдун катышуусунда бир дагы тергөө иштери жүргүзүлгөн эмес.

«Аны массалык баш аламандык уюштурган деп айыптап жатышат. Бирок анын күнөөсү жок», — деди жактоочу.

Фарид Ниязов 9-октябрда Бишкектин «Ала-Тоо» аянтындагы башаламандык үчүн шектелип кармалган.