Фарид Ниязов дагы 2 айга камакта калтырылды

Бүгүн, 11-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук соту президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовдун абактагы мөөнөтүн узартты. Ал 18-апрелге чейин камакта болот.

Фарид Ниязов 2020-жылдын октябрь окуясы боюнча айыпталып жатат.